09:25, 01 июня 2018, 24.kg

Балдардын жайкы эс алуусуна республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кечээ балдар үчүн жайкы эс алууну уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктар жана алардын коопсуздугун сактоо маселелери каралды. Бул жылы жайкы эс алууга республикалык бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү.

Мындан сырткары 485 мектеп базасындагы лагерлер бир ай бою балдардын эс алуусун камсыздайт. Алдын ала алынган маалыматка караганда, 18 миң бала үчүн эс алуу уюштурулат.

«Эң биринчи аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына көңүл бурулушу керек. Бир эле үй-бүлөнүн балдары жыл сайын эс алууга бара бербегидей кылып атайын тандоо боюнча механизм иштеп чыгуу керек. Жылдап эс алууну күткөн айрым балдар бар», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18