09:17, 01 июня 2018, 24.kg

«Кыргызтелеком» айлык акы боюнча депутаттын билдирүүсүн жокко чыгарат

«Кыргызтелеком» ишканасынын төрагасы бир айда 31 миңден 59 миң сомго чейин иштейт. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Алардын маалыматында, ишкананын төрагасынын айлыгы 24 миң сом. Ал 2017-жылдын январь-октябрь кошумча төлөмдөр менен чогуу 58 миң 956 сом, октябрь-декабрь аралыгында 31 миң 211 сом алган.

Ал эми директорлор кеңешинин төрагасына ушул эле мезгилде сыйлык катары 25 миң сом берилген.

Эскерте кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов «Кыргызтелекомдун» директору айына 100 миң сомго чейин аларын маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18