14:34, 31 мая 2018, 24.kg

Кант шаарында мас абалындагы тургун мейманга келген досун бычактады

Кант шаарында мас абалындагы тургун мейманга келген досун бычактады. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктын себеби келишпестиктен улам чыккан уруш болгон. Каза тапкан жарандын сөөгү Канттагы үйлөрдүн биринен табылды.

Алдына ала алынган маалыматтарга караганда, кырсык катталган үйдө М.Е. жана анын 30 жаштагы Д.Л. аттуу жарандык күйөөсү жашашчу. Окуя болгон күнү алардын жалпы таанышы келген. Достор алкоголдук ичимдик ичип отурушуп, урушуп кетишкен. Үй ээси конокко бир канча жолу бычак урган. Жабырлануучу жеринде каза болгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18