14:05, 31 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанда болгону бир учак бар. Аны да толгон аткаминер көзөмөлдөйт

Депутат Таалайбек Масабиров Унаа жана жолдор министринин орун басары кызматын жоюуну сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Айтымында, бир даана жарандык учагы бар өлкөгө бир канча аткаминерден турган штаттын кереги жок.

«Бизге авиация боюнча министрдин орун басарынын кереги барбы? Жоюу керек. Эл аралык каттамдарга «Манас» аба майданы эле жетишет. Биздин аткаминерлерден пайда жок. Ансыз деле авиация өнүккөн эмес», -деди ал.

Депутаттын пикиринде, ички аба каттамдардын санын көбөйтүү керек. Мындай кадам жолдордогу кырсыктардын алдын алат.

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13 авиакомпания катталган, алардын болгону 3өө иштеп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18