13:22, 31 мая 2018, 24.kg

Коопсуздук кеңеши: Депутат Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жок

Депутат Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кеткен жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев айтты.

Анын айтымында, эгерде Аскарбек Шадиев мамлекеттен чыгып кеткен болсо, анда ага карата чек араны мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш иши козголот.

«Аскарбек Шадиевге карата акыркы айыптар тагыла элек. Анын мүлкүн камакка алуу тууралуу айта кетсем, анын ишмердүүлүгүн жапкан жокпуз. Бизнес иштеп, киреше алып келиши зарыл. Эгерде Аскарбек Шадиевдин күнөөсү далилденсе, анда анын мүлкү мамлекеттин кирешесине өтөт. Ал качан ачыкка чыкканда тиешелүү иш чаралар өткөрүлөт», —деди Дамир Сагынбаев.

Кечээ депутат Рыскелди Момбеков дагы анын кесиптеши кайда кеткенин сурап кызыккан. Ал Башкы прокуратура менен УКМКдан биринчи вице-премьер-министр, депутат Аскарбек Шадиевдин кайда кеткенин сурап, жооп талап кылган.

Эске салсак, 28-апрелде Башкы прокуратура парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгогон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18