10:34, 31 мая 2018, 24.kg

Кыргызстандын алгачкы жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун мүрзөсү дагы эле белгисиз

Кыргыз автономиялык ССРинин Борбордук комитетинин төрагасы (1927-1937-жж.)Абдыкадыр Орозбековдун мүрзөсү табылбай келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы президент УКМКга Абдыкадыр Орозбековдун сөөгүн издөөнү тапшырган. Улуттук коопсуздук кызматы 1937-38-жылдардагы репрессия учурунда атылып кеткен Орозбеков боюнча маалыматтардын мөөнөтү өтүп кеткендиктен жок кылынгандыгын маалымдайт.

«Ушу совет бийлиги Абдыкадыр Орозбековдун сөөгүнөн дагы коркуптур, жашырып коюшкан. Ал кишинин мусулман болуп, кепинген оролуп көмөлдүбү-жокпу белгисиз» — дейт ал.

Мурадыл Мадеминов эгемендүүлүк жылдарынан бери белгилүү мамлекеттик ишмердин атына бир ири иш чара өткөрүлбөгөнүн белгиди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18