09:30, 31 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанга Өзбекстандын Улуттук банкынан делегация келди

Кыргызстанга Өзбекстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Ильхом Норкулов баштаган делегациясы келди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалым болгондой, сапардын максаты-тажрыйба алмашуу. Эки тараптуу жолугушууда акча-насыялык саясат, каржы статистикасы, акча жүгүртүү, каржылык кызматтарды колдонуучулардын укуктарын коргоо маселелери талкууланат.

2017-жылы Өзбекстандын Улуттук банкы сумду башка чет өлкөлүк валюталарга карата девальвациялаган. Өзбекстан президенти 2-сентябрда валюта саясатын либералдаштыруу боюнча жарлык чыгарганда сумдун куну кескин төмөндөгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18