24.kg
08:39, 31 мая 2018, 24.kg

Чүй облусундагы № 16 абакта үч киши оозун тигип алды

Чүй облусундагы № 16 абакта үч киши оозун тигип алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, камактагылар колония жетекчилигинин аларды айып камерасына камоо тууралуу чечимине каршылык билдирип жатышат.

«Үч соттолуучу абактын ички тартибин бузган. Буга чейин да бир нече жолу бузган экен. Ошого байланыштуу колония жетекчилигинин чечими менен бир айга айып камерасына камалган. Ошол чечимге каршылык иретинде жана «бизди сабап, кыйнап атат» дешип акыйкатчыга кайрылышыптыр. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, алар менен сүйлөшүп кетишкен. Баары мыйзамдуу экенин көзү менен көрүштү. Абакта эреже бузгандар ар кандай убакытка абак камерасына камалып турат», -деди аталган кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

Акыйкатчынын маалыматына караганда, камактагылар акцияны 25-майда баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18