24.kg
17:16, 30 мая 2018, 24.kg

Депутат: Гранттык негизде берилген акчаны өздөштүрүп алуу салтка айланып баратат

Депутат Айсулуу Мамашова Саламаттык сактоо министрлигинен Эл аралык каржы институттарынын гранттык келишими боюнча алына турган 25 миллион доллар донордук каражатты эмнеге корото тургандыгын сурап кызыкты.

Анын айтымында, мындай гранттарды же насыяларды менчиктештирип алуу салтка айланып бараткан сыяктуу. Ошондон кийин гана Башкы прокуратура каражатты туура эмес пайдаланган боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алууда.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев грант боюнча келе турган акчаны эч кимдин чөнтөгүнө түшпөй тургандыгын айтты. «Биз ал каражатка жаңы жабдыктарды сатып алабыз. Эгерде бекитилген план боюнча сатып алууларды жүргүзбөсөк, анда грант берген тарап мындан кийин жардам бербейт», -деди Космосбек Чолпонбаев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18