24.kg
16:44, 30 мая 2018, 24.kg

Роман Абрамович Израилдин жарандыгын алды

Дүйнөгө белгилүү орус миллиардер жана англис футболдук командасы Челсинин ээси Роман Абрамович Израилдин жарандыгын алды. Бул тууралуу Jerusalem Post гезити билдирет.

Алардын маалыматында, Абрамович Израиль жарандыгын алуу үчүн кечээ менчик учагы менен Израилге барып, Тель Авивдеги Бен Гурион аэропортуна конгон. Ал Израилдин ички иштер министрлигинин жетекчилери менен жолугушуп, паспортко ээ болду.

Буга чейин кээ бир басма сөз органдарында орус жараны Абрамовичтин Британиянын визасын жаңылоо үчүн кайрылуусуна жооп кечигип жаткандыктан ал башка өлкөнүн жарандыгына өтүүгө ниеттенип жаткандыгы маалымдалган.

Роман Абрамовичтин 19 — майдагы Челсинин Манчестр Юнайтд менен Федерация Кубогунун финал оюнунда дагы трибунада орду бош болушу кошумча божомолдорду жаратты.

Англис басма сөзү, виза бүткөн Абрамовия өлкө аймагына кире албай жатканын кабарлашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18