24.kg
14:24, 30 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанда жемкорлуктун сап башында Ички иштер министрлиги турат

Кыргызстанда коррупцияга малынган алдыңкы 5 ведомствонун ичинен биринчи орунда ИИМ турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Эске салсак, бүгүн парламент Башкы прокуратуранын 2017-жылы аткарган иштеринин отчетун кароодо. 

Башкы прокурордун айтымында, экинчи орунда Унаа жана жолдор министрлиги турат. Кийинки орундарда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Мамлекеттик каттоо кызматы турат.

Депутаттар тизме толук эмес экендигин айтышып, ага бажы кызматы жетишпей жаткандыгын кошумчалашты.

Эске салсак, Башкы прокуратура былтыркы жылы «Коррупция» беренеси боюнча 704 кылмыш ишин козгогон. Натыйжада бюджетке 9 миллиард сом кайтарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18