24.kg
12:00, 30 мая 2018, 24.kg

Чек арачыларга паспортун көрсөтүүдөн баш тарткан жаранга айып пул салынды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Казакстандан Кыргызстанга келген жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы Ф.М. аттуу жаран чек арачыларга паспортун көрсөтүүдөн баш тарткан. Ошондой эле ал өзүн агрессивдүү алып жүргөн.

Административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекстин 389-беренесине ылайык, аскер кызматкерлеринин талаптарына жооп бербеген кыргызстандык жаранга айып пул салынды.

Белгилей кетсек, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдон 2000 сомго чейин.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18