24.kg
11:39, 30 мая 2018, 24.kg

Балыкчыда сабалган 2 жаштагы баланын абалы туруктуу

Балыкчыда сабалган 2 жаштагы баланын абалы туруктуу. Ал керектүү дарыларды алып жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын берген маалыматына таянсак, наристе Балыкчы аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө 28-майда баш мээси чайкалган абалда келип түшкөн.

Учурда баланы социалдык кызматкер карап жатат. 

Эске салсак, Балыкчыда 33 жаштагы аял 2 жаштагы наристени сабап салган. Маалыматка караганда, сабалган наристенин апасы Каракол шаарына жумуш издеп кетип, баланы күйөөсүнүн бир тууганына таштаган. Наристе шымына заара ушатып койгондугу үчүн сабалгандыгы айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18