24.kg
10:01, 30 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанга «жүк 200дүн» 90 пайызы Орусиядан келет

Кыргызстанга «жүк 200дүн» 90 пайызы Орусиядан келет. Бул тууралуу «Россия для всех» порталы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, быйылдан тарта өкмөт чет жерде каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн ташуунун жолун жөнөкөйлөттү. Сөөктү ташуу үчүн документтердин саны кыскарып, өкмөт 50 миң сом төлөп бермей болду.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, АКШдан сөөктү алып келүү 10-12 миң доллар, Түштүк Кореядан 10 миң доллар, Бириккен араб эмираттарынан 6 миң доллар турат.

Бирок алыскы чет өлкөгө чыккан жарандар камсыздандыруу алышкандыктан сөөктү алып келүүгө кеткен чыгымдын бир бөлүгүн камсыздандыруучу компания жабат.

Чет өлкөдөн Кыргызстанга жыл сайын 300дөй «жүк 200» келет. Расмий маалыматтар боюнча, 800 миң кыргыз жараны чет жакта эмгектенет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18