24.kg
15:49, 29 мая 2018, 24.kg

Башкы прокурор: Бишкекте 850 объект мыйзамсыз курулган

Бишкекте 850 объект мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитетинин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура учурда аталган объекттер боюнча иш алып барууда.

«Мени 3 объекттин курулушундагы мыйзамдуулук кызыктырып жатат. Алар «Фрунзе» рестораны, «Четыре сезона» кафеси жана Панфилов эс алуу жайындагы көп кабаттуу үй. Эмне үчүн «Фрунзе» ресторанын куруу иштерине шаардык кеңештин токтомунун негизинде уруксат берилди?», -деп депутат Зарылбек Рысалиев суроо салды.

Депутат Бакирдин Субанбеков болсо Башкы прокуратураны мыйзамсыз курулуштарга ыкчам жооп кайтарууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18