Сапар Исаков: Бул процессуалдык учур. Кармоого негиз жок
«Бул процессуалдык учур. Мени кармоо үчүн негиз жок». Экс-премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын сурагына чакырылган себебин журналисттерге дал ушинтип түшүндүрдү.
«Мен экс-премьер-министр болуп иштегем. Биз модернизациялоого акча каражатын тартышыбыз керек эле. Ошол убакта инвестиция тартуу абдан артыкчылыктуу иш болчу», — деди ал.