24.kg
08:59, 29 мая 2018, 24.kg

Бүгүн Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карайт

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровдун иши бүгүн Жогорку Сотто каралат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровду 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган.

Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камоого алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18