24.kg
18:08, 28 мая 2018, 24.kg

Тажикстанда окутуучуларга уруксатсыз чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды

Мындан ары тажикстандык окутуучулар, студенттер жана окумуштуулар расмий уруксаты жок окуу же иш сапар үчүн чет өлкөгө чыга алышпайт.

Жаңы тарип 2018-жылы февралда киргизилген, бирок ал тууралуу кененирээк маалыматтар эми гана пайда болду. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын ректорлору чет өлкө сапарларын алдын ала бийлик менен макулдашуусу керек. ТИМдин жазуу түрүндө уруксаты талап кылынат.

Окуу жай жетекчилери эл аралык иш-чараларга катышып, сөз сүйлөй турган болсо баяндамаларынын мазмунун билим берүү министрлигине кабарлоого милдеттүү. Иш-сапардан кайтып келген соң отчет берүү керек болот. Орто мектептин мугалимдери жана окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышса дагы бийликтен ушундай эле тартипте уруксат алышы зарыл.

Студенттер менен окумуштуулар чет өлкөдө бир жылдан ашуун жүрүүгө тийиш болсо, мындай учурда Билим берүү мекемелеринин илимий кеңешинин уруксаты керек.

Документке ылайык, мурдагы иш-сапарларында адепсиз жүрүм-туруму менен кармалган кызматкерлер же катуу ооруга кабылгандар чет өлкөгө жиберилбейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18