24.kg
17:04, 28 мая 2018, 24.kg

Кыргызстандык 6 спортчу бокс боюнча Эл аралык мелдеште алтын медал утушту

Кыргызстандык 6 спортчу бокс боюнча Эл аралык мелдеште алтын медал утушту. Бул тууралуу шаардын спорт комитетинен билдиришти.
Маалыматка таянсак, иш чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Монголия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашуун спортчу катышты. Анда алар 12 салмак категориялары боюнча ат салышты. Жеңүүчүлөр дене тарбия жана спорт боюнча шаардык комитеттин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Эске салсак, Ош шаардык бокс мектебинде 22-26-май күндөрү бокс боюнча 9-Эл аралык мелдеш болду. Мелдештин жеңүүчүлөрү: Аялдар арасында 51 кг — Очирбат Жаргалан (Монголия); 60 кг — Мирзаева Ёдгорой (Өзбекстан).
Эркектер арасында 49 кг — Аманкул у. Асылбек (Ысык-Көл); 52 кг — Исматуллаев Мансуржон (Өзбекстан); 56 кг — Хархуу Енк-Амар (Монголия); 60 кг — Баттумур Мишельт (Монголия); 64 кг — Жээналиев Махмуд-Али (Ош); 69 кг — Огоназаров Шохрух (Тажикстан); 75 кг — Батыралиев Адилет (Бишкек); 81 кг — Акматалиев Ильяз (Ош облусу); 91 кг — Алымбек у.Бектур (Ош); 91 кг жогору — Эрматбек Бактыбек (Ош).
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18