24.kg
15:26, 28 мая 2018, 24.kg

Бишкекте 15 жашар өспүрүмдү жөө адамдар өтүүчү кыядан унаа коюп кетти

Бишкекте, бүгүн түш чендерде 15 жашар өспүрүмдү жөө адамдар өтүүчү кыядан унаа коюп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине шаардын жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. 

«Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Абдрахманов көчөсү менен түштүк тарапка бара жаткан. Ал 15 жашар өспүрүмдү жөө адамдар өтүүчү кыядан сүзүп алды. Окуя болгон жерде жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда», - деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18