24.kg
15:13, 28 мая 2018, 24.kg

Бишкек-«Манас» аба майданы унаа жолундагы кырсыктан беш бала жабыркады

Бишкек-«Манас» аба майданы унаа жолундагы кырсыктан беш бала жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Volkswagen үлгүсүндөгү унаа «Манас» аба майданына бара жаткан. Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаа анын алдына озуп өтүүгө аракет кылган, бирок айдоочу рулга ээ боло албай жолдогу тосмону сүзүп токтогон. Жолдо келе жаткан Mercedes-Benz унаасы артынан сүзгөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 9 жаштардагы 4 бала жана 12 жаштагы өспүрүм жабыркаган. Ооруканага жеткирилген балдарга амбулатордук жардам көрсөтүлдү», — деп билдирди башкармалыктан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18