24.kg
15:11, 28 мая 2018, 24.kg

Super.kg порталынын журналисти Нургазы Аматов УКМКга чакырылды

Super.kg порталынын журналисти УКМКга чакырылды. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине сайттан ырасташты.

Алардын маалыматында, эртең менен журналисттин телефонуна чалып, УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, анын келип-кетүүсүн суранышкан.

Сайт бул аракетти сөз эркиндигине кысым катары баалап, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго чара көрүү сунушу менен кайрылышты.

Маалыматты УКМКдан ырасташты. Алардын айтымында, журналист Нурганы Аматов 15-майда сайтка жарыяланган маалымат боюнча маекке чакырылды.

«15-майда сайтка Бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматов камоого алынгандыгы жазылган. Ошол боюнча маекке чакырылды» — дейт УКМК.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18