24.kg
13:37, 28 мая 2018, 24.kg

Тармактык маркетинг үчүн деп алдап акча алган аял кармалды

Аламүдүн райондук ИИБнын кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка караганда, Васильевка айылынын тургундары чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранышып, милицияга кайрылышкан. Алардын айтымында, чала тааныш аял жергиликтүү тургундардын ишеничине кирип, тармактык маркетингде иштейм деп ар биринен 2 миң сомдон алып качып кеткен.

 «Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Окуяга шектелип Чүй облусунун 67 жаштагы тургуну кармалды. Ага карата 10 арыз келип түшкөн, учурда иликтөө уланууда», -деп билдирет ИИББ.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18