24.kg
11:19, 28 мая 2018, 24.kg

Казакстанда тепловоз жүк унаасын сүздү. Жабыркагандар жок.

Казакстандын Мангистау облусунда тепловоз темир жолго чыгып кеткен жүк унаасын сүздү. Полициядан кабарлашкандай, жол кырсыгында эч ким жабыркаган жок.

Кырсык Курык — Порт— Ерсай темир жол бөлүгүндө 26-май күнү болду. Маалыматка караганда, жүк унаасынын күтүүсүздөн жолго чыга калганын көргөн машинист тепловозду чукул токтотууга аракет кылган. Болжолдуу версия боюнча кырсыкка жүк унаасынын айдоочусу күнөөлүү экени айтылууда.

«Айдоочу алдындагы STOP деген эскертүү белгисине көңүл бурбастан темир жолго чыгып кеткен. Кырсыкты болтурбай коюуга мүмкүн болгон эмес. Жабыркагандар жок», — деп билдиришти «КТЖ-Жүк ташуу» компаниянын басма сөз кызматынан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18