24.kg
11:11, 28 мая 2018, 24.kg

Былтыр чет жерде каза болгон 278 мекендештердин сөөгү алынып келинген

Былтыр чет жерде каза болгон 278 мекендештердин сөөгү Кыргызстанга алынып келинген. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Айтымында, 16-майда өкмөттүн жаңы токтому чыкты. Ага ылайык, чет жерде жашап, иштеп же окуп жүрүп каза болгон жарандардын жакындары сөөктү ташууда жардам катары белгилүү бир суммада акча каражаттарын ала алышат.

"Миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборуна каза болгон жарандардын туугандары кайрылган маалда, сөөктү ташууга кеткен чыгымы үчүн, 50 миң сом төлөнүп берилет. Арыз 3-4 күндүн ичинде каралат. Компенсацияны алуу үчүн минималдуу документ чогултулат",- деди Самат Токтоболотов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18