24.kg
09:52, 28 мая 2018, 24.kg

Ысык-Көл облусундагы ат майданын курууда жең ичинен кымтылган акчалар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Алардын маалыматында, Жемкорлук менен күрөшүү агенттиги Эсептөө палатасы менен биргеликте ат майданды курууга кеткен каражаттарды пайдалануунун максаттуулугун текшерди.

Белгилей кетсек, ат майдан 2016-жылы экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн курулган.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Шаар куруу жана архитектура» боюнча эрежелер бузуу менен подрядчиктер тандалып, келишим долбоорлоо-сметалык документациясы жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлөт.

УКМКнын маалыматында, курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө жасалма түрдө жогорулаткан фактысы аныкталды. Мындан тышкары, 144 миллион сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп, кайда жумшалганы белгисиз.

Эскерте кетсек, ипподромду "СМУ-3"ишканасы курган. Бул компания Улуттук тарых музейинин дагы ичин жасалгалап чыкты. Парламент депутаттарынын айтымында, ишкана акыркы жылдарда бир нече мамлекеттик тапшырыкты сынаксыз жеңип алып, алдын-ала эсеп долбоору жок туруп ишке киришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18