24.kg
08:53, 28 мая 2018, 24.kg

Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннес китебине кирди

Быйыл 11-мартта Бишкекте даярдалган бешбармак Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жазды.

Анда Бишкектеги бешбармактын салмагы 1 464 килограмм болгону, «Аю Холдинг» жана LLC KazGrain ишканалары тарабынан рекорд коюлганы жазылган.

11-мартта Бишкектин «Аю Grand Comfort» соода жайында Гиннес рекорддор китеби үчүн 1 тонна 464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук даярдалган. Тамак үчүн сегиз жылкы союлган, жалпы бир жарым тоннага жакын эт бышырылган. 150 литрге ылайыкталган 12 тай казан орнотулган.

Иш-чараны «Кыргыз тилектештиги» коомдук бирикмеси «Ак элечек», «Ак калпак» долбоорлорунун негиздөөчүлөрү жана «Аю Гранд Комфорт» фирмасы менен чогуу уюштурган.

2015-жылы Казакстандын Астана шаарында 736 килограмм бешбармак даярдалып, Гиннестин рекорд китебине киргизилген.

Photo 73625

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18