24.kg
17:32, 25 мая 2018, 24.kg

Өкмөт «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу үчүн Европадан насыя алат

«Чыгыш электр» ишканасы 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат алат. Бул тууралуу мыйзам долбоорду парламенттин профилдик комитети жактырды. 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон.

«Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынмакчы», - деди ал.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чыгыш электр» ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү – 3 жыл.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18