24.kg
14:22, 25 мая 2018, 24.kg

Курил аралындагы кыргызстандыктардын жарымы ишин уланта турган болушту

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын Сахалин облусунда иш таштаган кыргыз жарандарынын көпчүлүгү талаптарынан баш тартып, курулуш объектилериндеги иштерин уланта турган болушту.

Эске салсак, Кыргызстандык жумушчулар Парамушир аралындагы Курильск программасынын бир канча объектеринде, айлык маяналарынын төлөнүп берилишин талап кылышып иштерин ташташкан. Айлык акынын кечиктирилиши, тапшырык берүүчүлөрдүн төлөп берүүгө акча каражаттарынын жоктугу себеп болгон.

Кыргызстан ТИМинен билдиришкендей, Орусиядагы кыргыз элчилиги Сахалин облусунун тийиштүү органдарына кайрылган соң, жумушчуларга эки айдан бери айлык төлөбөгөндүгү үчүн «СПИРО» компаниясынын жетекчилигине кылмыш иши козголду.

Маалыматка караганда, текшерүү иштеринин жүрүшүндө 45 жумушчуга төлөнө элек акчанын суммасы 633 миң рублга жеткени аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18