24.kg
11:26, 25 мая 2018, 24.kg

25-май — жоголгон балдардын эл аралык күнү

25-май — жоголгон балдардын эл аралык күнү көптөгөн өлкөлөрдө белгиленип келет. Бул күндүн символу катары көк ботокөз гүлү эсептелет.

Маалыматтарга таянсак, 1979-жылдын ушул күнү үйүнө бара жаткан америкалык 6 жаштагы окуучу Эвиан Пейтс жоголгон. Окуя дүйнө жүзүнө кеңири тарап, көп адам издөө иштерине катышкан. Бирок кыз табылган эмес. Окуядан 4 жыл өткөн соң АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган 25-майды жоголгон балдардын улуттук күнү деп жарыялаган.

Бир жылдан соң, 1984-жылы Жоголгон жана эксплуатацияланган балдарды табуу улуттук борбору негизделген. Бул демилгени Европадагы өлкөлөр колдоого алып, 1997-жылы Жоголгон жана эксплуатацияланган балдарды табуу эл аралык борбору ачылган. Дал ошол борбордун демилгеси менен 2010-жылдан тарта жоголгон балдардын күнү белгиленип келет.

Жыл өткөн сайын жоголгон балдардын саны өсүүдө. Эл аралык балдарды коргоо уюмунун маалыматы боюнча, жылына Европада орточо эсеп менен 70 миң, Орусияда 55 миң, АКШда 800 миңден ашуун өспүрүм жоголот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18