24.kg
10:52, 25 мая 2018, 24.kg

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Салайдин Авазов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз ыктыяры менен жазган.

Эске салсак, Салайдин Авазовду УКМКнын кызматкерлери «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармашкан. «Электр станциялары» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаровго карата жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18