24.kg
10:07, 25 мая 2018, 24.kg

Абайлагыла! Мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелген аял кармалды

ИИМдин кызматкерлери мыйзамсыз миграция уюштурууга жана алдамчылыкка шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

1994-жылы туулган К.М. аттуу аял, жергиликтүү 2 тургундун ишеничине кирип 5,5 миң доллар акча каражатын алдап алган. Ал жарандарды чет жерге жумушка орноштуруу тууралуу эч кандай лицензиясы жок туруп, тургундарды Түштүк Кореяга ишке орноштурууга сөз берген.

Кылмышка шектүүнүн кылтагына 1994-жылы туулган У.Э. жана 1995-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар илинишкен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүдөн жабыркагандар болгон болсо, төмөнкү телефондорго чалып, кайрылууну суранышат.

(0312) 266398; (0779) 884699.

Photo 73373

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18