24.kg
09:23, 25 мая 2018, 24.kg

Банк мыйзамдарын бузган кызматкерлерге 67 миң сом айып пул салынды

Улуттук банк эки банктын кызматкерлерине жалпы суммасы 67 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, банк мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча коммерциялык банктардын биринде эмгектенген 3 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ар бирине 20 миң сомдон айып төлөө милдеттендирилди.

Мындан тышкары, кылмыш жолу менен келген кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча мыйзам бузгандыгы үчүн, дагы бир банктын кызматкерине 7 миң сом айып салынды. Башка 2 кызматкерге эскертүү берилди.

Улуттук банк кайсыл коммерциялык банктардын кызматкерлерине айып пул салгандыгын ачыктаган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18