24.kg
17:09, 24 мая 2018, 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана жолдорунун чыгымы белгилүү болду

Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Баткен-Исфана жолдорунун курулушуна кеткен чыгым 40 миллиондон ашуун долларды түздү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 272-365 чакырымдарын кайра калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашырууда кеткен чыгымдын суммасы келишимде көрсөтүлгөн баанын 87 пайызын түздү.

Учурда үнөмдөлгөн акчанын эсебинен Кочкор-Исакеев Чопон-Шахта, Кочкор-Коммунизм, Он-Арча-Эчки-Башы унаа жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоодо кеткен чыгымдын суммасы келишимде көрсөтүлгөн баанын 6,4 пайызын түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18