24.kg
11:17, 24 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанда 4 айда 45 чукул кырдаал катталып, кесепетинен 6 киши каза тапты

Кыргызстанда 4 ай аралыгында 45 чукул кырдаал катталып, кесепетинен 6 киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматов маалымат жыйында билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, январь-апрель айларында өлкөдө 1 миңден ашуун өрт кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 30 киши каза тапкан. Алардын ичинде жаш бала дагы бар.

«Куткаруучулар 82 кишинин өмүрүн сактап калышты. 17 кишини жол кырсыгы маалында, 22 кишини экстремалдык абалда, 43 кишини өрт кырсыгында сактоого мүмкүн болду», -деди Калыс Ахматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18