24.kg
08:54, 24 мая 2018, 24.kg

Тажикстан ТИМ башчысы орусча фамилиясын тажикчеге өзгөрттү

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов орусчалашкан фамилиясын расмий түрдө өзгөрттү. Эми анын аты-жөнү документтерде «Сирожиддин Мухриддин» деп жазылат. Бул тууралуу тажик ТИМи кабарлады.

Жергиликтүү ММКлар министрликке шилтеме кылуу менен Аслов фамилиясын өзгөртүү ишин былтыр эле баштаганын, бирок убактысы аз болуп, түрдүү иш-чараларга көп катышкандактан документин эми гана алууга мүмкүн болгонун жазышууда.

2016-жылы апрелде өлкөнүн тажик улутундагы калкына документтерде орусчалашкан фамилияларды колдонууга расмий тыюу салынып, «ов», «ова», «ович» жана «овна» деп аяктаган фамилияларды каттоо токтотулган. Жаңы мыйзам боюнча фамилиялар тажикче «зод», «зода», «й», «иён» жана «фар» деген сөздөр менен аякташы керек. Ошондой эле мыйзамдын алкагында тажик ысымдарынын бирдиктүү реестри дагы иштелип чыккан.

Кыргызстанда Кореядагы элчи Кылычбек Султан дагы «ов» деген бөлүгүн алып салгандыгы маалым.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18