24.kg
08:51, 24 мая 2018, 24.kg

Мектептерде китепканачылар менен ашпозчулардын айлыктары көтөрүлөт

Билим берүү мекемелериндеги китепканачылар менен ашпозчулардын айлык маяналарын көтөрүүнү Билим берүү жана илим министрлиги сунуштады. Учурда документ коомдук талкууга коюлду.

Маалыматка караганда, билим берүү уюмдарында эмгектенгендердин, анын ичинде баштапкы кесиптик билим берүү системасын кошкондо дээрлик жарымынын айлык акылары көбөйтүлдү. Бирок, китепкана жана жатакана башчылары, башкы ашпозчулар, механик, окуу боюнча бөлүмдүн катчыларынын айлыктары көбөйгөн жок.

Учурда жатакана менен китепкана башчыларынын айлыктары 5 миң 40 сомду түзсө, көбөйгөндөн кийин 6 миң сомго жетет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18