24.kg
14:21, 23 мая 2018, 24.kg

Түштүк магистралда куурап калган 28 ири көчөттөрдүн ордуна жаңылары отургузулат

Бишкектин Түштүк магистралында куурап калган 28 ири көчөттөрдүн ордуна жаңылары отургузулат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Жашылдандыруу» мекемесинин башкы агроному Эльнура Жолдошева айтты.

Анын берген маалыматына караганда, атайын комиссия күзүндө отургузулган көчөттөрдү кайрадан карап, текшерип чыгышкан.

«Ушул жуманын аягында 28 ири көчөттөрдүн ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Аларды жеткирип берүүчүлөр алып келишет. Келишим түзүлүп жатканда көчөттөрдү бир жылдык кепилдиги менен алганбыз. Эгер куурап өспөй калса, анда башка көчөт алып келип беришет», -деди Эльнура Жолдошева.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18