24.kg
11:09, 23 мая 2018, 24.kg

Москвада 28 жаштагы кыргыз жаранын арматура менен чаап өлтүрүп кетишти

Москвада белгисиз бирөөлөр 28 жаштагы кыргыз жараны Урмат Мамбетовду арматура менен чаап, өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Kaktus.media каза болгон жарандын досу Сабырали Байгазиевге шилтеме берип жазып чыкты.

Анын айтымында, 14-майда достору чогулуп пикникке барышмак. Бирок, Байгазиев бара алган эмес. Ал күнү Урмат менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Досунун каза болгону тууралу маалыматты кийинки күнү гана тааныштардан уккан.

"Мага айтылган маалыматтарга караганда, пикниктен балдар тарап кетишкен, бирок ал жерде Урмат, дагы бир кыз жана таанышы калган. Анан бейтааныш кишилер келип, урушуп кетишкен. Урматтын таанышы жардам сураганы качып кетип, кайра келгенде Урматты арматура менен чаап өлтүрүп салышкан экен. Кыз дагы эс учунан танып калган",- дейт Байгазиев.

Photo 73118

Маалым болгондой, учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатат. Кол салгандардын өздүктөрү такталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18