24.kg
10:18, 23 мая 2018, 24.kg

Айтматовдун 90 жылдыгы. Бишкекте Татарстандын тасма күндөрү өтөт

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Бишкекте 23-25-май күндөрү Татарстандын тасма күндөрү өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кино департаментинен билдиришти.
 

Программага киргизилген 6 жаңы тасма Татарстандан келген делегациясынын курамынын катышуусунда көрсөтүлөт. Иш чараны «Мулла» тасмасы ачат. Анда башкы ролду актер Марат Башаров ойногон.

Көрсөтүүнүн программасы:  «Октябрь» кинотеатрында (23-май, 17:30) «Мулла» толук метраждуу көркөм тасмасы (2018-жыл) көрсөтүлөт. Анын режиссеру - Рамил Фазлиев.

Чыңгыз Айтматов айтындагы кино үйүндө (24-май, 10:00) режиссер Ильшат Рахимбайдын кыска метраждуу «Гастарбайтер» (2014-жыл),  «Ишенбейм!» (2016-жыл),  «Элестет» (2017-жыл) коюлат. 

«Байгал» толук метраждуу көркөм тасмасы (2018-жыл) да көрсөтүлөт. 25-майда (10.00) «Курбан-роман: история с жертвой» толук метраждуу көркөм тасмасы болот. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18