24.kg
09:00, 23 мая 2018, 24.kg

Өзбек бийлиги жыл аягына чейин 350 миң жаңы жумуш орун түзөт

Өзбек бийлиги 2018-жылы 350 миң жаңы жумуш ордун түзүүнү пландоодо. Бул боюнча президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Туруктуу өнүгүүнүн улуттук максаттарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө» токтомунда белгиленет.

Бул Өзбекстанда чакан бизнести колдоо жана жумушсуздарды кайрадан кесиптик даярдыктан өткөрүүнүн алкагында ишке ашат.

Айыл чарба жана өндүрүштө 168,2 миң киши жумуш менен камсыз болушу керек. «Жол картасын» жана инвестициялык программаларды жүзөгө ашыруунун алкагында 20 миңдей жаңы иш ордун түзүү пландалууда.

Өзбекстан бул документти жүзөгө ашыруу менен кедейликтин деңгээлин 2030-жылга карата эки эсеге төмөндөтүүнү пландоодо.

Документте 17 стратегиялык максат бар. Алардын ичинен азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, дени сак жашоо образын камсыздоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18