24.kg
16:04, 22 мая 2018, 24.kg

Бажыда кармалган товарлар кайсы жерде сакталары ачыкталды

Бажыда кармалган товарлар атайын кампаларда сакталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана бюджет-салык боюнча парламенттик комитеттин отурумунда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Алмаз Оңолбековдун айтымында, административдик жана кылмыш укук бузуулары боюнча алынган унаалар менен товарлар убактылуу сактоочу кампаларга жиберилет. Административдик укук бузуулар болгон болсо, товар же ээсине кайтарылып берилет, же болбосо сатыкка коюлуп акчасы бюджетке которулат.

«Мунун баары ишке ашкандан кийин акча каражаты бажыкананын атайын эсебине түшөт. Кылмыш иши боюнча товарлар жана унаалар сот аткаруучуларына берилет», -деп түшүндүрдү Алмаз Оңолбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18