24.kg
14:27, 22 мая 2018, 24.kg

Таламандын чак түшүндө тапанча менен коркутуп тоноп кетишкендер кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан мурда катталган каракчылык менен кол салуу фактысынын бети ачылды. Бул туурасында Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, милиция бөлүмүнө тоноо фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын 29-январында, болжол менен саат 10:00дө үйүнө белгисиз 2 жаран кирип келип, тапанча менен коркутушкан. Алар күч колдонуп 2 уюлдук телефонун жана 1 ноутбукту алып кетишкен.

Аталган факт боюнча Ленин райондук ИИБнын тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 168-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Окуяга шектүү катары 1996-жылы туулган Щ.И. аттуу жаран кармалды. Экинчи шеригин кармоо иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18