24.kg
13:51, 22 мая 2018, 24.kg

Ата-энелер Канттагы № 4 орто мектепте 30-майга чейин окуу улана турганына нааразы

«Кант шаарындагы № 4 орто мектепте, кийинки окуу жылы 10-сентябрда башталат деген шылтоо менен окуу мөөнөтүн 30-майга чейин узартып коюшту», - деп «24.kg» агенттигине окурмандар билдиришти.

«Балдар китептерин тапшырып коюшту. Анткени 25-майда акыркы коңгуроого байланыштуу салттанаттуу линейка болот. Бирок, расмий түрдө жаңы окуу жылын 10-сентябрга жылдыруу тууралуу маалыматты балдарга эч ким айта электе эле, сабактарды 30-майга чейин узартып жатышат. Ал эми кышкы эс алуу күндөрүнүн эсебинен балдарыбыз ишемби күндөрү да окушкан», -дешет ата-энелер.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы окуу жылынын мөөнөтүн жылдыруунун акыркы чечими кабыл алына элек. Аталган министрлик өкмөт аппараты үчүн расмий жыйынтыктоону эми гана даярдоодо. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18