24.kg
13:24, 22 мая 2018, 24.kg

Кыргызстанда документсиз жарандардын так саны белгисиз

Кыргызстанда документи жана каттоосу жок канча жаран бар экендиги тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине балдарды коргоо Борборунан билдиришти.

«Документи жок кантип жашоо болсун? Мамлекеттик кызматтардан пайдалана албасаң, билим ала албасаң, дарыланып, чет жерге чыга албасаң?», — дешет жарандык активисттер.

Маалым болгондой, аталган Борборго 900дөн ашуун жаран документтерди калыбына келтирип берүүнү суранышып кайрылышкан. Алардын ичинен 184 жаран документтерин өз колдоруна алышкан. 106 бала мектепке киргизилген.

Жарандык активисттер билдиришкендей, 16 жашка чыккан айрым балдардын каттоосу жок болгондуктан, паспорт ала албай келишет.

Аталган Борбор «Дордой-1», «Дордой-2», «Келечек», «Калыс-Ордо», «Ак-Бата», «Алтын-Казык» жаңы конуштарында жашаган мигрант үй-бүлөлөргө жана алардын балдарына жардам берип келет. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18