24.kg
09:10, 22 мая 2018, 24.kg

Ажылык −2018. Ажы башчылар тандалып алынды

Зыяратчыларды Меккеге жетектеп бара турган ажы башчылар тандалды. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Мусулмандар дин башкармалыгынын билдирүүсүндө, аларга атайын күбөлүктөр ыйгарылды. Ар бир ажы башчысы 49 зыяратчыны жетектейт.

«Ар бир ажы башчы өзүнүн тобундагы 49 ажы үчүн жооп берет. Ажы башчы болуу өтө жоопкерчиликтүү жана оор иш болуп саналат. Андыктан ар бириңиздер өз тобуңуздардагы болочок ажылар менен жакындан таанышып, алар үчүн коопсуздук, ажылык амалдардын туура аткарылышы жана ыйык жердеги амалдар боюнча сабактарды эрте баштап, алар менен ар убакта тыгыз байланышып туруңуздар. Сиздер болочок ажыларга баргандан келгенге чейин жоопту болосуздар, ошондуктан алардын ден-соолугун карап, эң башкысы ажылык амалдарын туура аткартууңар керек», — деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге 25-июлда жөнөп кетет. Быйыл ажылыкка 5485 киши барат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18