24.kg
17:10, 21 мая 2018, 24.kg

Илим Карыпбеков КТРКнын айнектерин алмаштырды, бирок аброюн тазалай алган жок

«Илим Карыпбеков КТРКнын айнектерин алмаштырды, бирок аброюн айнектей таза кыла алган жок» — деп КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев парламенттин социалдык маселелер, маданият, саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет бүгүн КТРКнын жетекчилигинин отчетун карады.

Азамат Болгонбаев КТРКНын башкы директору Илим Карыпбековдун отчетуна терс добушун берген.

Анын айтымында, Илим Карыпбеков Байкоочу кеңештин эскертүүлөрүнө көңүл бөлбөй иш алып барууда.

«Саясый бир тараптуу каралоо жүрүп жаткан кезде биздин эскертүүлөрүбүзгө, сотко эч ким кайрыла электигин айтып кутулуп кетип жатты. Бул жерде мыйзамды эмес, башкы директордун аброюн тазалоого аракет кылалы» — дейт ал.

Азамат Болгонбаевдин айтымында, отчетто КТРК сатып алган ПДС боюнча маалымат берилген эмес.

Белгилей кетсек, КТРКнын маалыматында, ПДСке 1,5 миллион доллар жумшалды. Буга чейин парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев ПДСтин баасы базар наркынан кымбат көрсөтүлгөнүн айтып, Башкы прокуратурага текшерип чыгууну сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18