24.kg
16:58, 21 мая 2018, 24.kg

«Балдар үчүн ишеним телефону 111» Борборуна 2401 телефон чалуу катталган

«Балдар үчүн ишеним телефону 111» Борборуна 2015-жылдын 10-сентябрынан 2018-жылдын 30-апрелине чейин 2401 телефон чалуу катталган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы чалуулардын ичинен жаш балдардан 486, чоң кишилерден 1915 кайрылуу келип түшкөн. 1359 кайрылууга консультациялык кызматтар көрсөтүлүп, 303 абонентке психологиялык кеңеш берилген.

Бишкектен 869, Ош облусунан 345, Чүй облусунан 378, Жалал-Абад облусунан 188, Нарын облусунан 166, Ысык-Көл облусунан 130, Талас облусунан 80, Баткен облусунан 91 абоненттен чалуу келип түшкөн. Ошондой эле 154 анонимдүү чалуу катталган.

Эске салсак, аталган Борбордун максаты- балдардын укуктарын коргоо, балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам берүү болуп саналат. Абоненттер күнү-түнү 111 номуруна акысыз телефон чалып, кеңеш ала алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18