24.kg
14:23, 21 мая 2018, 24.kg

Бишкекте таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын чемпионаты соңуна чыкты

Бишкекте таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын чемпионаты соңуна чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган спорт федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке Бишкек, Шопоков, Балыкчы, Каракол шаарларынан жана Сокулук айылынан спортчулар келишти. Ошондой эле Алматыдан дагы коноктор чакырылган. Жалпысынан 150 спортчу күч сынашып, командалык эсеп менен биринчиликти «Стронг» клубу алды. Кийинки орундарды Балыкчы менен Шопоков шаарынын таэквондисттери багындырышкан.

Кошумчалай кетсек, аталган мелдештен жеңип чыккандар август айында Белорусияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышмакчы. Ага Кыргызстандын атынан 5 спортчу барат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18