24.kg
12:02, 21 мая 2018, 24.kg

Токой чарбасында чатак. Директорду кызматтан алуу талабы көтөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын кызматкерлери жетекчиси Каныбек Чойтоевди кызматтан кетишин талап кылышууда. Алардын мындай кадамга барышына директордун кызматтык милдетин жакшы аткара албагандыгы себеп болгон.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аталган мекеменин башчысы Абдыкалык Рустамовдун токой кызматкерлери менен болгон жолугушуусу тууралуу видеого түшүндүрмө беришти.

«Токойчулар эч кандай көтөрүлүш чыгарышкан жок, болгону Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Каныбек Чойтоевди директорлук кызматтан кетишин талап кылышууда. Бул маселе каралгандан кийин, ушул жумада чечим кабыл алынат», — дешти агенттиктен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18